Үч саясатчы Атамбаевге жана "Апрелге" каршы арызын толуктап, сотко тапшырды

Саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев, Ахматбек Келдибеков жана Азимбек Бекназаров.

Саясатчылар Ахматбек Келдибековдун, Азимбек Бекназаровдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” телеканалына койгон доо арызы толукталып кайра сотко тапшырылды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчылардын расмий өкүлү Динара Ашимова билдирди. Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаева да бул маалыматты тастыктады.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалында 10-декабрда чыккан маегине байланыштуу 26-декабрда мурдагы президент менен аталган каналдын редактору Дмитрий Ложниковго каршы Октябрь райондук сотуна кайрылган.

Жогорку сот алардын доо арызын толуктоо үчүн 9-январда артка кайтарган.

Алар “телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди” деп, соттон жалпысынан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп жатышат.

Медиа полиси институту "Апрель" телеканалынын кызыкчылыгын сотто коргоого даяр экенин, сөз эркиндигин коргоо жана журналисттерге каршы доо арыздарды иликтөө институттун негизги миссиясы экенин айтып чыккан. (KR)