Мурашев: Айыл чарба министрлигинде кыскартуу болбойт

Нурбек Мурашев.

2019-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде кыскартуу болбойт. Бул тууралуу министр Нурбек Мурашев "мекеменин штаты дагы 23 кишиге көбөйдү" деген кабарга комментарий берип жатып билдирди. Ал 2016-жылдагы оптимизациянын негизинде айрым департаменттер Мамлекеттик салык кызматынан өзү жетектеп турган министрликке өткөнүн, ошол кезде кошумча штат ачылганын билдирди.

Мурашевдин айтымында, учурда министрликке караштуу сегиз департамент иштеп жатат. Анда жалпысынан 5 миңге жакын кызматкер эмгектенет.

Кыргызстанда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги - эң көп сынга кабылган мекемелердин бири. Буга чейин айрым адистер аны толук жоюп салуу маселесин көтөрүп келишкен. Былтыр министрликтин курамында иштеген 500дөн ашуун кызматкердин жумуш орду кыскартылган. (КЕ)