Астана: Кытай эки миңдей казакка өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берди

Казак жараны Омир Бекалы Кытайдагы саясий лагерде деген ата-энесинин сүрөтүн көрсөтүп жатат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Бээжин эки миңден ашуун казак улутундагыларга кытай жарандыгын тапшырып, өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат бергенин билдирди.

Кытайдын Шинжаң аймагынын бийлиги жүз миңдеген адамды атайын лагерлерге мажбурлап жибергени тууралуу маалыматтар 2016-жылдан бери айтылып жүрөт. Бээжин “окутуп-тарбиялоочу борбор" деп атаган жайларда бир миллиондон ашуун киши отурганын Бириккен Улуттар Уюму да өз булактарына таянып билдирген.

Мындай жайга отуруп чыккандар аларды бийлик өз маданиятынан жана ишенимдеринин баш тартууга мажбурлап, идеологиялык сабактарды окутканын айтып беришкен.

Кытай – Казакстандын башкы соода өнөктөрүнүн бири. Бул өлкөнүн бийлиги көзөмөлдөгөн медиа каражаттары Кытайдагы саясий лагерлерде кармалган казактар тууралуу маалыматты көңүл сыртында калтырышты.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин 9-январдагы билдирүүсү декабрда маалымат каражаттарына чыгып кеткен. Бээжин эки миң казакка Кытайдан чыгып кетүүгө уруксат бергени тууралуу маалыматты бышыктады.

Билдирүүдө айтылгандай, кытайлык казактар Казакстанга келгенден кийин казак жарандыгын же туруктуу жашоого уруксат ала алышат.