Кыргыз гидрометеорология борбору билдиргендей, 10-январда кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7,
Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...2,
Баткенде түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...+6,
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -22...-27, күндүз -13...-18 градус болот.
10-январда Бишкекте түнкүсүн жана күндүз кар жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет.
Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4° суук, күндүзгү жогорку температурасы 2…4° жылуу болот. (KR)