Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кытайдын Шинжаң-уйгур автономдук аймагына дипломатиялык миссия менен барган кыргыз дипломаттарынын сапары тууралуу кеңири маалымат берүүдөн баш тартты.
ТИМдин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев делегация барганын тастыктоо менен гана чектелип, кеңири маалымат бере албай турганын айтты:
- Биз болгон маалыматты бердик. Эгер кошумча маалымат боло турган болсо, биз ошентип эле дагы баарына таратып беребиз.
Буга чейин Кыргызстандын дипломаттары Кытайдын Шинжаң аймагына барып, кырдаал менен таанышып келгени маалым болгон.
28-декабрдан 30-декабрга чейинки аралыкта Кытай тараптын чакыруусу менен 12 өлкөнүн (Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд) дипломатиялык миссиялары Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономдук аймагынын Үрүмчү, Кашкар жана Хотан шаарларына барып келишкен.
Анда дипломаттар аймактын социалдык-экономикалык абалы менен таанышып, маданий жерлерине, билим берүү окуу жайларына, мечиттерине жана базарларына барышкан. Сапардын алкагында элчиликтердин өкүлдөрү мурда сөз болуп жүргөн тарбиялоочу лагерлерге да барышкан.
Кытайда аз улуттар куугунтукка кабылып жатканы, жүз миңдеген адамдар саясий лагерлерде кармалып турганы тууралуу кабарлар дээрлик эки жылдан бери байма-бай айтылып келет. (KR)