Уюк операторлору түйүндөн тышкары сүйлөшүүнү арзандатты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда уюктук операторлор түйүндөн тышкары сүйлөшүүнү 1-январдан баштап 14 пайызга же 50 тыйынга арзандатты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Шухрат Сабиров билдирди.

- Бизде негизги “MegaCom, Beeline жана “О операторлору бар. Бир уюктук оператордон экинчи операторго чалуунун тарифтери өтө кымбат экенин аныктадык. Биз “Атаандаштык жөнүндө” мыйзам бузулганын далилдеп туруп, аларга бааларды төмөндөтүү боюнча көрсөтмө бергенбиз. Үч мобилдик оператор жаңы жылга чейин өз ара кеңешип, келишим түзүп, аны бизге беришти. Ошонун негизинде алар бааны 1-январдан тартып арзандатты, - деди Сабиров.

Анын маалыматына караганда өлкөдөгү үч оператор жарым жыл сайын түйүндөн тышкары сүйлөшүүнү 50 тыйындан төмөндөтүп турат. Экинчи жолку арзандатуу ушул жылдын 1-июлунда болот. Ушинтип отуруп эки сомго чейин арзандатуу каралып жатат.

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Евразия Экономикалык Биримдигинин курамындагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстанда уюк операторлорунун түйүндөн сырткары байланышы эң кымбат экенин аныктаган. (BTo)