Кыргызстандын бир, Өзбекстандын беш жараны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун каржылаган деп айыпталууда. Алардын үчөө кол салуу даярдаган деп да күнөөлөнүүдө.
"France-Presse", ДПА агенттиктери кабарлагандай, бул алты адамдын үстүнөн алгачкы соттук жыйын 7-январда Стокгольмдун округдук сотунда болду жана сот жараяны 11-февралга чейин улантылат.
Сотко жөнөтүлгөн документке караганда, Кыргызстандын жараны Атабек Абдуллаев, Өзбекстандын жарандары Бактиер Умаров менен Давид Идриссон “адамдарды өлтүрүү жана зыян келтирүү максатында” химиялык заттарды жана техникалык компоненттерди сатып алган деп айыпталууда.
Соттолуп жаткан алты адам тең Швецияда мыйзамдуу жашап жүрүшкөн. Маалыматтарга караганда, алар өзүнө коюлган айыптарды четке кагып жатышат.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Атабек Абдуллаев Араван районунун тургуну экенин, Швецияга Орусиядан мындан бир жылча мурда кеткенин буга чейин билдирген.
Былтыр июнда Швециянын соту өзбекстандык Рахмат Акиловду өмүр боюу түрмөгө кескен. Ал 2017-жылдын апрелинде, борбор Стокгольмдо беш адамды жүк ташуучу унаа менен сүзүп өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп табылган. (UE)