Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоочулар менен жолугат

Жогорку Кеңеш.

Парламент депутаттары 8-январдан 11-январга чейин өлкө аймактарын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушмакчы. Бул боюнча Жогорку Кеңештин токтому чыкты.

Кыргызстанда жаңы жыл майрамдарына байланыштуу 1-январдан 7-январга чейин эс алуу күнү деп жарыяланган. (КЕ)