Магнитогорскиде курман болгон тажиктер мекенинде жерге берилди

Магнитогорск шаарында курман болгон тажик үй-бүлөнүн мүчөлөрү жерге берилип жаткан учур. 7-январь, 2019-жыл.

Тажикстандын түштүгүндөгү айылда 31-декабрда Орусиянын Магнитогорск шаарында кыйраган үйдө курман болгон 24 жаштагы Ражабмо Исоева менен анын үч баласынын сөөгү жерге берилди.

Каргашалуу кырсыкта курман болгондорду акыркы сапарга узатуу зыйнатына облустук бийлик өкүлдөрү да барышты.

Маркумдардын сөөктөрү Тажикстанга 6-январда кечинде жеткирилген.

Магнитогорскиде көп кабаттуу үйдүн бир ыптасы кулаганда бул үй-бүлөнүн башчысы, 26 жаштагы Шухрат Улфатов оор жаракат алган. Аны урандынын алдынан таап чыгышкан соң ооруканага жөнөтүшкөн. 3-январда болсо эс-акылына келбеген бойдон Челябинск шаарынын ооруканасына которулган.

31-декабрдын таңында Магнитогорскиде он кабаттуу үйдө подьезд толугу менен урап түшкөн. Кырсыкка газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 35 батир толугу менен, 10 батир жарым-жартылай бузулганын кабарлаган.

Кырсыкта курман болгон 39 адамдын, анын ичинде алты баланын сөөгү таанылды.