Трамп “Ал-Каиданын” согушкери жок кылынганын ырастады

Согушкерлердин чабуулуна кабылган кеме.

АКШнын президенти Дональд Трамп 2000-жылы америкалык “Коул” кемесине кол салууга шектүүлөрдүн бири жок кылынганын ырастады. Ошондогу кол салуудан 17 америкалык суучул каза болгон.

“Биздин эң мыкты аскерлерибиз “Коул” эсминецине кол салууда каза болгон жана жабыркаган каармандардын атынын адилеттүүлүктү орнотту. Биз бул кол салууну уюштургандардын бири Жамал ал-Бадавини жок кылдык” деп жазды Трамп жекшемби күнү "Твиттердеги" баракчасына. Анда АКШнын “Ал-Каидага” каршы күрөшү улана турганы да белгиленген.

Мындан бир нече күн мурда америкалык аскерлердин өкүлү ал-Бадавиге каршы Йемендин Мариб провинциясына абадан сокку урулганын билдирген. Ал “Коул” эсминецин жардырууга күнөөлүү деп табылган, Федералдык иликтөө бюросунун издөөсүндө жүргөн “Ал-Каиданын” алты мүчөсүнүн бири болгон.

2000-жылы “Коул” кемесине кол салуудан 17 америкалык суучул каза таап, ондогон суучул жарадар болгон. Жардыруу боюнча жоопкерчиликти “Ал-Каида” өзүнө алган.

Йемендин бийлиги ал-Бадавини 2000-жылы соттогон, бирок ал түрмөдөн 2003-жылы качып кеткен. Бир жылдан кийин колго түшкөн жана кайра 2006-жылы качкан. Сот аны терроризмге айыптаган.