Бишкек-Ош автожолундагы тоолордун боорунан карды атып түшүрүү иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, бүгүн 6-январда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда автотрассанын 231 жана 246-чакырымдарында (Көчкү-Булак тилкеси) жалпысынан 83 000 м3 кар түшүрүлдү.
ӨКМ 4-7-январга шашылыш эскертүү таратып, Бишкек – Ош, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная-Горка – Ак-Таш, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолдоруна кар көчкү түшүүcү ыктымал экенин билдирген.
Жолдо бараткан автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керек экени эскертилген. (RK)