Магнитогорскиде курмандыктардын саны 37 кишиге жетти

Магнитогорскиде издөө-куткаруу иштери уланып жатат. 3-январь, 2019-жыл.

Магнитогорскиде кырсыкта курман болгондордун саны 37 кишиге жетти. Төрт адамдын дайыны дагы эле белгисиз. Үчүнчү январдын таңында 22 адамдын, анын ичинде үч баланын сөөгүн жакындары тааныды. Издөө-куткаруу иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги турак жайдын калганы бөлүгү да урап кетиши мүмкүн экенин билдирди.

3-январда куткаруучулар урандылардын алдынан тажикстандык үй-бүлөнүн төрт мүчөсүнүн сөөктөрүн алып чыгышты. Бул тууралуу учурда окуя болгон жерде жүргөн Дүйшөмбүнүн Екатеринбургдагы консулу Сафар Сафаров билдирди. 26 жаштагы Шухрат Улфатов бир күн мурда тирүү табылган. Ал ооруканага жеткирилген. Анын абалы оор экени айтылууда. Ал эми Шухраттын аялы жана үч кичинекей баласы кырсыкта каза табышты.

31-декабрдын таңында Магнитогорскидеги он кабаттуу үйдүн бир подьезди толук урап түшкөн. Баштапкы версияга караганда кырсыкка газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгон. Орусиянын Тергөө комитети окуяда теракттын издери азырынча жок экенин маалымдады.