Эки уюм Шинжаңдагы кырдаал боюнча билдирүү таратты

Шинжаңдагы лагерлердин биринин сырткы көрүнүшү.

Дүйнөлүк уйгурлар жамаатынын лидери Рабие Кадер жана “Кыргызстандын адам укуктар комитети" уюмунун төрагасы Рамазан Дырылдаев Кытайдын Шинжаң районундагы аз улуттардын абалы боюнча кайрадан биргелешкен билдирүү таратышты.

Анда алар дүйнөлүк укук коргоо кыймылдарын Кытай өкмөтүнөн Шинжаңдагы уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу мусулман азчылыктарынын укуктарын сыйлоону жана алардын өкүлдөрүн саясий лагерлерден бошотууну талап кылууга чакырган.

Ошондой эле билдирүүнүн авторлору Орусия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу чөлкөмдөгү мамлекеттерди Шинжаңдагы кырдаалга каршылык иретинде Кытайдын инвестициясынан баш тартууга үндөшкөн. Кадер жана Дырылдаев жетектеген бул эки уюм ушундай эле мазмундагы билдирүүсүн 12-декабрда таратышкан.


Кытайда улуттук азчылыктар куугунтукка кабылып жатканы, жүз миңдеген адамдар саясий лагерлерде кармалып турганы тууралуу кабарлар дээрлик эки жылдан бери байма-бай айтылып келет. Былтыр сентябрь айында “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму Кытайдагы мындай лагерлерде миллиондон ашык уйгур бар экенин билдирген.

Ноябрь айында Кыргызстанда жашап жаткан бир катар шинжаңдык кыргыздар да өлкө бийлигинен Кытайда кармалып турган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранышкан. 29-ноябрда Бишкекте өткөн жыйында Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды колдоо” комитети да түзүлгөнү белгилүү болгон.

Кытай бийлиги Шинжаң элинин укугу бузулуп жатканы тууралуу дооматтарды четке кагып, саясий лагерлерди кадыресе билим берүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.