Түркмөнстанда ичимдик сатууну чектеген мыйзам күчүнө кирди

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов.

Түркмөнстанда алкоголдук ичимдиктердин соодасын кескин түрдө чектеген жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, 1-январдан тартып спорт борборлорунда, поезддерде, учактарда жана кемелерде алкоголго тыюу салынат.

5,6 миллиондой калк жашаган, алардын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн бул өлкөдө мындан ары улуттук майрамдар учурунда да алкоголдук ичимдиктерди сатууга болбойт.

2021-жылдан тартып ишемби жана жекшемби күндөрү кафе-барлар менен ресторандардан башка жерлерде алкоголдук ичимдиктерди элге сунуш кылууга да чектөө киргизилмекчи.

12 жылдан бери Түркмөнстанды башкарып келе жаткан, Батышта авторитардык лидер катары мүнөздөлгөн Гурбангулы Бердымухаммедов өзүн спортко кызыккан, элдин саламаттыгына кам көргөн адам катары көрсөтүп келет.

Ал маал-маалы менен дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо боюнча массалык иш-чараларды уюштуруп турат. Мамлекеттик телеканалдар да президент спорттун ар кыл түрлөрү менен машыгып жатканын байма-бай көрсөтүшөт.

Бердымухаммедов Түркмөнстан 2025-жылга чейин тамекиден толук арылаарын да айткан.