Германияда жүргүнчүлөрдү тебелеткен айдоочу кармалды

Германия. Ботроп шаары.

Германиянын батышындагы Ботроп шаарында 1-январга караган түнү жеңил автоунаанын айдоочусу бир нече жүргүнчүнү тебелетип кеткен. Полиция мындай кадам атайлап жасалганын жана ал ксенофобиялык мүнөздө болушу мүмкүн экенин божомолдоп жатат.

Прокуратура бул адам "психикалык жактан жабыркап жүргөн" деген божомол бар экенин кабарлады.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Эссен шаарынан келген 50 жаштагы айдоочу "Мерседес" үлгүсүндөгү машинеси менен Ботроптун борборундагы үйлөрдүн биринин алдында бир кишини тебелеп кетүүгө аракет кылган. Жабырлануучу качып кетүүгө жетишкен.

Андан кийин айдоочу Берлинер-плац аянтында да ушундай эле аракетке барып, төрт жүргүнчү оор жараат алгандан кийин качып кеткен. Алардын арасында Сирия менен Ооганстандын жарандары бар экени айтылды.

Кылмышка шектүү Эссенде автобус аялдамасында да жүргүнчүлөрдү тебелетүүгө аракет кылган учурда кармалган.