Францияда чоңойгон бала Кыргызстандагы туугандарын тапты (видео)

Николя Морша таенеси менен.

Николя Морша таенеси менен.

11 жаштагы Кирилл Николя Морша Жаңы жыл алдында орусиялык "Жди меня" телеберүүсүнө кат жазып, Кыргызстандагы туугандарын Орусиядан тапты.

Аны эки жашында асырап алган франциялык аял Катрин Колетт балага дайым чындыкты айтып келгенин билдирди:

- Биз аны багып алганыбызды эч качан жашырган эмеспиз. Бешке чыкканда ал менден: "Сиз мени курсагыңызда алып жүрдүңүз беле?" деп сурады. Мен: "Жок, бирок мен сени дайым жүрөгүмдө алып жүрчүмүн" деп жооп берип, анын биологиялык апасы башка экенин айткам.

Кириллдин өз апасы, Орусиядагы кыргызстандык мигрант аял баласын 38 жашында төрөп, бирок бир жумадан кийин эле кургак учуктан көз жумган. Жаңы жыл алдында Кирилл орусиялык "Жди меня" телеберүүсүнө кат жазып, апасынын туугандары менен таанышкысы келгенин баяндаган.

Жакында эле Кирилл багып алган апасы менен Орусияга келип, ал жактан Кыргызстандан барган таенеси жана таежелери менен табышты. (KR)