Орусия: Магнитогорсктогу үйдө болгон жарылуудан үч киши өлдү, ондогон адамдын тагдыры белгисиз

Магнитогорск шаарындагы жарылуу болгон үй. 31-декабрь, 2018-жыл.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганы боюнча, баштапкы иликтөөлөргө караганда, Орусиянын Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн батириндеги жарылуу газ түтүгүнөн чыккан болушу мүмкүн.

Андан кеминде үч киши каза тапканы аныкталса, ошол эле кезде "79 кишинин тагдыры белгисиз" болууда. Бул тууралуу Челябинск облусунун губернаторунун орун басары Олег Климов "РИА-Новости" агенттигине маалымдады.

"Урандылардын арасынан алты кишини алып чыктык. Үч киши каза таап, үч адам, анын ичинде бир бала жарадар болду" деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө.

31-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме кылып берилген маалыматтарга ылайык, жарылуудан көп кабаттуу, 110 киши жашаган үйдөгү 48 батир зыян тарткан.

Магнитогорск шаарынын борборунда орун алган көп кабаттуу үйдөгү кырсык таңкы саат 6:10до болгон.

Аймакка өзгөчө кырдаалдар министри Евгений Зиничев менен саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова жөнөп кетти.

Магнитогорск шаары Москвадан 1700 чакырым аралыкта жайгашкан.