Жаңжал салган айдоочу Улуттук статистика комитетинен 2016-жылы кеткен

Жаңжал салган айдоочу.

29-декабрда патрулдук милиция кызматкерлери жергиликтүү телеканалдардын биринин кызматкерлери менен түнкү рейдде жүргөн учурда айдоочулардын бири милиция өкүлдөрү менен жаңжалдашып: "Менин атам ким, билесиңби?" деп кыйкырып жатканы тасмага түшүрүлүп калган. Милиция кызматкерлерине берген күбөлүгүндө ал Улуттук статистика комитетинин кызматкери экени, анын аты Улус Абдиназар уулу экени жазылган. Бирок аталган комитеттин басма сөз кызматы "Азаттыкка" ал кызматкер иштен 2016-жылы эле бошотулганын билдирди:

- Ал мурда айыл чарба статистикасынын бөлүмүндө адис болуп иштеген экен. Бирок 2016-жылдын 8-апрелинде өз эрки менен кызматтан кетиптир. Ал эми эмне себептен өзүнүн кызматтык күбөлүгүн алигиче тапшырбай жүргөнүн биз тактап атабыз.

Окуядан кийин айдоочу милиция кызматкерлери менен наркологиялык тест өтүш үчүн Наркология борборуна барып, журналисттерге сүйлөп жатып, түшүнбөстүк болгонун жана ал кечирим сурагандыгын айткан.

Үч күндүн ичинде үч мүнөттүк видеону Интернеттеги "YouTube" платформасынан 30 миңден ашуун адам көрүүгө жетишкен. (KR)