Ырчы Зере Бишкекте концерт берди (видео)

Ырчы жана активист Зере Асылбек кызы 29-декабрда Бишкектеги "Асанбай борборунда" концерт берди.

Концерт Зеренин буга чейин Интернетте кызуу талкууга алынган "Кыз" аттуу ыры менен ачылды. Ошондой эле Зеренин кыздардын укуктары жөнүндө ырлары жаңырды. Концертке эки жүзгө жакын киши келди. "Асанбай борборунда" коопсуздук чаралары күчөтүлгөн режимде иштеди.

Ырчынын концертин өткөрүүгө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдар программасы көмөк көрсөттү. Буга чейин Зере Индияга кетип жатканын, ал жакта мектепте ыктыярчы болуп иштей турганын, бирок Кыргызстанга кайтып келерин билдирип, "Фейсбуктагы" баракчасына пост жазган.

Анын адам укуктарын урматтоого чакырган "Кыз" аттуу клиби быйыл күзүндө жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылгандар аны "өлтүрүп кетебиз" деп коркутушкан.

Зеренин атасы, белгилүү педагог адис Асылбек Жоодонбеков милицияга кайрылган. (TSh)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Зере: активист кыздын концерти