Төрөбаев: “Өнүгүү-Прогресс” партиясы саясий интригаларга аралашкан жок

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев жаңы жылга карата элге кайрылуу жасап, партиянын бир жылдык ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Ал видео кайрылуусунда партия саясий интригалар, популисттик убадалардан оолак болду деп айтты:

- Биздин партия саясий интригалардан, популисттик убадалар менен алектенбестен элдин жашоо-шартын жакшыртуу, экономиканы көтөрүү максатында системалуу жумуштарды аткарып, партия ичинде тазалануу жана жаш кадрлар менен иштөөнүн үстүндөбүз, - деди Төрөбаев.

Төрөбаев партия бир жыл ичинде отуз ишкана ачып, жүздөгөн адамдарды иш менен камсыз кылганын кошумчалады. Ал эми 2020-жылы парламенттик шайлоого катышуу боюнча чечим 2019-жылдын апрель айында өтүүчү сьездде кабыл алынарын маалымдады.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясы айыл чарбасын колдоо боюнча программалары аркылуу таанылып, 2012-жылдан бери бир катар райондордо жергиликтүү кеңештерде жеңишке жетип, ал эми 2015-жылы парламентке келген.

Лидери Бакыт Төрөбаев 2017-жылы президенттик жарышка чыгып, кийин өз каалоосу талапкерлигин алып салган. Анткени ал президенттикке талапкерлердин бири, учурда кылмыш иши козголуп сыртта жүргөн Өмүрбек Бабанов менен тандем түзүп, аны колдоп чыккан. (TSh)