Агенттик: Абанын булгануу деңгээли бир аз өзгөрдү, бирок анча эмес

Иллюстрациялык сүрөт.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргызстанда аба чектен ашык булганды" деген маалыматты четке кагууда. Мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Рысалиев “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Бишкек шаарында атайын жети пост коюлган жана алар абанын химиялык курамын өлчөп, талдап турат.

- Гидрометтин маалыматы боюнча, ноябрь айында Кыргызстандын шаарларында абанын булгануу деңгээли бир аз өзгөргөн, бирок өтө кескин кирдеп кеткен учурлар аныкталган эмес, - деди ал.

Жакында "Move Green" коомдук кыймылы баш калаада аба нормадан 20 эсе көп кирдегенин кабарлаган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик аталган кыймылдын өлчөөчү аппараты Кыргызстандарттан аккредитациядан өтпөгөнүн айтууда.

Бүгүн 28-декабрда Бишкекте абанын булганышына каршы акция өтөт. (RK)