Ооганстанда ИМ тобунун үгүтчүсү өлтүрүлдү

Нангархар провинциясындагы ИМ тобуна каршы операция, 11-апрель 2017-жыл.

Ооганстанда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна ыктаган согушкерлердин маалыматын таратып келген адам дрон соккусунан мерт болду. Султан Азиз Азам бир күн мурда өлкө чыгышындагы Нангархар провинциясына караштуу Пачирагам районунда өлтүрүлгөнүн ооган армиясы 27-декабрда билдирди.

"Чалгын кызматтарынын маалыматынын негизинде иш алып барган дрондор Ооганстандагы радикал топтун негизги пропагандачысын бутага алды",-деп айтылат армиянын билдирүүсүндө.

Ооган Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Насрат Рахиминин айтымында, Азам бир катар шаарларда кандуу чабуулдарды уюштурууга аралашкан.

ИМ тобу же Ооганстандагы АКШ күчтөрү бул боюнча маалымат берише элек.

Нангархар Ооганстандагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун негизги чордону катары мүнөздөлүп келет.