"Reuters": 2019-жылы Орусиянын экономикасы солгундайт

Москва шаары.

2019-жылы Орусиянын экономикасынын өсүү темпи солгундап, өлкөдө инфляция көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Reuters" жаңылыктар агенттиги экономисттер менен финансисттердин арасында жүргүзгөн сурамжылоосуна таянып кабарлады. Анда Батыш өлкөлөрүнүн жаңы санкциялары, рублдын алсызданышы жана орус өкмөтүнүн салыктарды көтөрүү планы орус экономикасына терс таасирин тийгизген себеп катары көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, Орусиянын ички дүң жыйымы кийинки жылы 1,4 пайызга гана өсүшү мүмкүн. Бул 2018-жылдагы көрсөткүчтөн 0,3 пайызга азыраак.

"Reuters" агенттиги мындай жоромолу 17 эл аралык адистин пикирине негизделген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 20-декабрдагы маалымат жыйынында Орусиянын экономикасы тескерисинче оңолуп жатканын, өлкөнүн ички дүң жыйымы жыл башынан берки 10 айда 1,7 пайызга өскөнүн, бюджетте профицит бар экенин айткан.