Кыргызстандын 55 өлкө менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартуу тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеӊештин тармактык комитети 25-декабрда экинчи окууда жактырган. Бирок аны бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизүү аракети үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу "Азаттыкка" мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кабарлады:
- Бүгүн мен "мыйзам долбоорун күн тартибине киргизели" десем, президенттин аппараты биздин Жогорку Кеңештин аппаратынын жумушуна кийлигишип, "материалдар даяр эмес" деп жатат. Мен бул маселе боюнча президенттин оюн уга элекмин. Менин оюмча булар президент менен макулдашпай туруп ушуну кылып жатышат. Өзүм билемдик кылып жатышат. Мен президент менен да бул боюнча сүйлөшөйүн деп жатам. Эми УКМКнын коркунучтарын уксаң күлкүң келет. Европадан Шенген визасын атайын качкындарга берип, шыр эле миллион кишини бул жакка жөнөтүшөт экен. УКМКнын төрагасынын орун басары "бул мыйзам өтүп калса кытайлар келе баштайт" деп жатат. УКМК өздөрү "кытайлар келбесин" деген жарандарды кармап, түшүндүрмө талап кылып жатып, өздөрү мындай деп жатканы туура эмес да.
Буга чейин өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошууну, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууну сунуш кылган. Тизмеге жаңы кошулган өлкөлөр - Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Мыйзам долбоорунун автору мындай сунушка макул болгон. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинен экинчи окуудан өткөн. (KR)