Медиа полиси институту сотто "Апрелдин" кызыкчылыгын коргойт

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 10-декабрда "Апрель" телеканалына берген маегинен бир ирмем

Медиа полиси институту сотто "Апрель" телеканалынын кызыкчылыгын коргоого даяр. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган институттун кызматкери Алтынай Исаева билдирди.

- Эгер бир журналистке же медиа мекемеге карата кандайдыр бир доо арыз келип түшсө, ал иштин сотто акыйкат каралышын камсыз кылуу биздин миссиябыз. Биз "Апрель" телеканалынын кызыкчылыгын да коргоого даярбыз. Биз кайсы медиа мекеменин журналистине карата доо арыз жазылса да, аны карап чыгып, сотто журналисттин укуктарын коргоого даярбыз. "Апрелге" түшкөн арыз менен азырынча тааныша элекпиз. Ошондуктан арыздын мазмуну тууралуу азырынча кандайдыр бир комментарий бере албайбыз.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибеков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана саясатчы Азимбек Бекназаров "Апрель" телеканалын сотко беришти. Бул тууралуу телеканалдын директору Дмитрий Ложников "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Буга чейин Келдибеков жергиликтүү “NUR TV” каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соңку маеги боюнча аны сотко бере турганын айткан. (KR)