Келдибеков "Апрелди" сотко берди

Парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибеков

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ахматбек Келдибеков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана саясатчы Азимбек Бекназаров "Апрель" телеканалын сотко берди.

Бул тууралуу телеканалдын директору Дмитрий Ложников өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Жогорку соттун маалымат кызматы бул маалыматты азырынча тастыктай элек.

Буга чейин Келдибеков жергиликтүү “NUR TV” каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соңку айткандары боюнча аны сотко бере турганын айткан:

- Адамдын жеке аброюна шек келтирип сүйлөп жатат. Менин аброюма шек келтирип сүйлөгөнү үчүн сотко берем. Эгерде ошол сотко келип далилдеп бербесе, мен соттон жоопко тартсын деп талап кылам, - деген Келдибеков.

Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалындагы маегинде Ахматбек Келдибековду коррупцияга байланыштуу айыптаган.

14-декабрда Ахматбек Келдибеков Kyrgyztoday.kg сайтын сотко бергени белгилүү болду. Келдибеков "кадыр-баркыма шек келтирди" деген арыз менен бул сайтка 1 млн. сом доо койгон. (KR)