Трамп АКШнын Ирактагы базасына барды

Дональд жана Мелания Трамп АКШнын Ирактагы базасында. 26.12.2018

АКШ президенти Дональд Трамп күтүүсүздөн Иракта жайгашкан америкалык аскер бөлүгүнө барды. Бул анын согуш жүрүп жаткан аймакка алгачкы сапары.

Багдаддын батыш тарабындагы Ал-Асад аскердик базасына ал жубайы Мелания Трамп менен чогуу барды.

Трамп өз сөзүндө АКШ ал жактагы аскерлерин чыгарбай турганын билдирди.

Бүгүнкү күндө Иракта АКШнын бир нече аскердик базасы бар. Алардагы аскерлердин саны 5 миңдин тегерегинде.

19-декабрда Трамп эки ай ичинде Сириядагы америкалык аскерлер чыгарыларын айткан. Анын бул билдирүүсү өнөктөштөрү арасында да, Конгрессте да каршы пикир жараткан. Коргоо министри Жеймс Мэттис кызматтан кеткен.

Мындан тышкары Трамп АКШнын Ооганстандагы 14 миң аскер кызматкеринин санын эки эсе кыскартуу керек экенин айткан.