Ташиев: Ырайым берүү тандалма болбошу керек

Камчыбек Ташиев.

Президенттин ырайым берүү жараяны тандалма болбошу керек.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев билдирди.

Ал экс-президент Роза Отунбаеванын “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү тууралуу кайрылуусу тууралуу ушундай ойдо.

Ташиев экс-президент Роза Отунбаевага, Жогорку Кеңештеги фракция лидерлерине кайрылып, президенттин ырайымына буга чейин саясий негизде камалгандардын баары татыктуу экенин белгилеген.

- Ушундай негизде бир катар мамлекеттик ишмерлер камакта жатат. Ошолордун баарына ырайым берилиши керек. Алардын баары мурдагы президент менен саясий көз караштары дал келбегени үчүн түрмөдө отурат. Мен ушуну президенттен сурандым. Ал жерде Бекболот Талгарбеков, Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов отурат. Эгер Өмүрбек Текебаевдин 60 жаш мааракесине байланыштуу дей турган болсок, Жапаров жакында эле элүүгө чыкты, Талгарбеков 60ка толду. Ошондуктан бардыгына ырайым берилиши керек.

25-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата Мекен” партиясынын жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү боюнча экс-президент Роза Отунбаеванын президент Сооронбай Жээнбековго жазган кайрылуусун парламенттеги бардык фракциянын лидерлери колдошкон.

Жээнбековдун администрациясы ал кайрылууну алганы же албаганы боюнча маалымат бере элек. (КЕ)