Кыргыз милициясы кылмышка шектүү адамдарды суракка алуунун жаңы ыкмасына өтө баштады. Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда алгачкы ачык тергөө бөлмөсүнүн ачылышы болот. Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү жана укук коргоочулар катышат.
“Борбор Азиядагы эл аралык түрмө реформасы” уюмунун жардамы менен ишке ашырылып жаткан долбоорго ылайык, мындай бөлмөлөрдүн дубалдары айнектен жасалат, ичинин баары көрүнүп турат жана заманбап аудио, видеокөзөмөл аппараттары менен жабдылган.
Адистердин айтымында, мындай ыкма кармалган адамга күч колдонууга мүмкүнчүлүк бербейт.
Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалыматына караганда, 2017-жылы милициянын кыйноосуна кабылганын айтып 95 адам арыз жазган. (RK)