Орусия: аткаминерлердин балдары майыптардын эсебинен эс алганы аныкталды

Түркия.

Орусиядагы Клинцы шаарынын мэри кайрымдуулук фондунун эсебинен Түркияда эс алган аткаминерлердин балдарынын жолдомо акыларын өзү төлөп берерин билдирди. А. Карлов атындагы кайрымдуулук фондунун эсебинен Түркияда эс алып келгендердин арасында мэр Олег Шкуратовдун да кызы болгон. Бул маалыматты ал ТАСС агенттигине да ырастады.

Шаар башчысы белгилегендей, аткаминерлердин балдары катары 15 кишиден турган тизменин арасындагылардын төртөө бийликте отургандардын балдары болгон. Ал 450 миң рублду өз чөнтөгүнөн төлөп берүүгө макул болду. Бир күн мурда жергиликтүү маалымат каражаттары Клинцы шаарынын башында отургандар өз балдарын кайрымдуулук фондунун эсебинен Түркияга эс алууга жибергенин жазышкан.

Маалыматтарга караганда, Түркиянын Демре шаарына жалпысынан 50 бала жөнөтүлгөн. Ал эми аларды жиберген фонд оор илдеттерге кабылган балдарга жана жашоо шарты оор өспүрүмдөргө жардам берип келгени менен белгилүү. Жергиликтүү прокуратура балдарды иргеп жатканда мыйзам бузулганын аныктады. Алгач Клинцов шаарынын бийлиги мындан эч кандай мыйзам бузуу көрбөй жатканын билдирген. Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз кырдаалды “моралдык жактан алганда алгылыксыз” деп баалады. Ал буга тиешеси бар адамдардын баарын тиешелүү жазага тартууга убада берди.