АКШ соту Пхеньянды Уормбирдин үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди

22 жаштагы Отто Уормбир 2016-жылы Пхеньянда үгүт плакатын уурдап, мамлекетке душмандык кылды деп 15 жылга соттолгон.

АКШнын соту Түндүк Кореяны бул өлкөнүн түрмөсүнөн чыккандан кийин көз жумган америкалык студент Отто Уормбирдин үй-бүлөсүнө 501 миллион доллар кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды.

Уормбирдин үй-бүлөсү Колумбия округунун сотуна алардын 22 жаштагы студент уулун Түндүк Корея мыйзамсыз кармаган деп быйыл апрель айында кайрылган. Арызда алар уулу Түндүк Кореянын укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин кесепетинен көз жумду деп белгилешкен.

Америкалык соттун чечими боюнча Түндүк Кореянын бийлиги жооп бере элек.

22 жаштагы Отто Уормбир 2016-жылы Пхеньянда үгүт плакатын уурдап, мамлекетке душмандык кылды деп 15 жылга соттолгон. Ал 17 ай камакта жаткандан кийин акыбалы начарлап, былтыр АКШга жеткирилип, ооруканага жаткырылган. Бирок ал өзүнө келе албай ооруканада көз жумган.