Ар элдин майрамы - бир улуттун жүзү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуттук филармонияда өткөн “Өнүккөн элет жерибиз, көп түрдүү кыргыз элибиз” аттуу этномаданий фестиваль Кыргызстандагы ар түрдүү элдердин маданий майрамына айланды. Ар кыл тилде ырлар жаңырып, түрдүү улуттун жүзүн чагылдырган бийлер көрсөтүлгөн этнофестивалды Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргызстан элинин Ассамблеясы Аймактарды өнүктүрүү жылына карата уюштурган.