Жети-Өгүздө таяк жеген наристе чарчап калды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 1,5 жашар наристе таежесинен таяк жегенден кийин ооруканада чарчап калды. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастады. Андан алынган маалыматка караганда, наристенин апасы Орусияда иштегендиктен таэжеси багып келген. Анын денесинде көгала тактар болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, 40 жаштагы таежеси баланы шымын булгап койгону үчүн сабаган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголуп, медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша кылмыш ишинин беренеси өзгөрүшү ыктымал. Кылмышка шектүү катары наристенин таежеси кармалып, убактылуу тергөө жайына камалды.

Жакында БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы балдарга карата зомбулукка байланыштуу билдирүү жасаган. Анда уюм Чүй облусунда энеси миграцияга кетип, курбусу багып жүргөн наристенин өлүмүнөн сабак алууга жана балдарга зордук-зомбулукту чогуу токтотууга өлкө жарандарын чакырган. (КЕ)