Индонезиянын бийлиги маалымдагандай, бүгүнкү күнгө карата цунами курмандыктарынын саны 281ге жетти, дагы 1000ден ашуун киши жабыркады, кеминде 50дөй адам дайынсыз деп эсептелүүдө.
Жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу боюнча агенттиктин расмий өкүлү Сутопо Нугрохонун айтымында, урандылардын алдында жана арасында али адамдар бар деп болжолдонууда.
Цунамиден улам жүздөгөн үйлөр, мейманканалар, имараттар талкаланды, 12 миңдей адам жер которууга аргасыз болду.
Индонезиянын Метеорология жана геофизика боюнча агенттигинин окумуштуулары цунами өлкөнүн Ява жана Суматра аралдарынын ортосундагы кысыкта Анак-Кракатау жанар тоосунун атылышынан улам пайда болду деп болжолдоп жатышат.
Ушул жекшембиге караган түнү жанар тоо атылгандан кийинки суудагы толкундун бийиктиги үч метрге жеткен. Индонезияда буга чейин быйыл сентябрда жер титирөөдөн кийинки цунамиде 2500 кишинин өмүрү кыйылган.
Ал эми 2004-жылдын 26-декабрында зилзаладан кийинки цунами Инд океандын айланасындагы 13 мамлекетти, анын ичинде Индонезияны, Шри-Ланканы, Индияны, Таиландды каптаганда 230 миң адам кырылган. (UE)