Өзбекстанда коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы кармалды

Өзбекстанда мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда Коопсуздук кеңешин башкарып турган генерал-майор Муиджон Тохирий кармалды.

Бул маалыматты өлкөнүн Башкы прокуратурасы да ырастады. “Ал чын эле кармалды. Ага карата тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деген башкы көзөмөл органдын өкүлү, тергөө кызыкчылыгынан улам башка маалымат берген эмес.

Тохирий 2013-жылдан 2016-жылга чейин Коопсуздук кызматын башкарган. Ага чейин Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

2016-жылдан 2018-жылдын февраль айына чейин Мамлекеттик бажы комитетин жетектеген.