Лондон аэропорту "дрондордун чабуулунан" кийин кайра ачылууда

Лондондун "Гэтвик" аэропорту.

Лондондун "Гэтвик" аэропортунда дрондор каптап учуп келген окуядан кийин аба каттамдары кайра жандана баштады. Британ баш калаасындагы экинчи ири аэропорт 21-декабрдагы билдирүүсүндө азыр учуу тилкелери чектелүү сандагы каттамдар үчүн кайра ачылганын маалымдады.

Бирок аба майданынын жетекчилиги айрым каттамдар кечигип же токтотулуп калышы мүмкүн экенин эскертип, жүргүнчүлөрдү аэропортко келерден мурда каттамдардын статусун текшерип алууга чакырды.

19-декабрдын кечинен тартып 50дөн ашык чакан дрондор "Гэтвик" аэропортуна учуп келип, учак каттамдарын үзгүлтүккө учураткан. Натыйжада жетекчилик учуу тилкелерин жабууга аргасыз болгон.

Британ полициясы жана бийлик өкүлдөрү "Рождество" майрамынын алдында эл эки жакка көп каттап жаткан учурда кимдир-бирөөлөр атайылап эле аэропорттун ишине кедергисин тийгизүүнү көздөгөнүн билдиришкен.

20-декабрда британ өкмөтү жооптуу адамдарды издеш үчүн армияны полицияга жардам берүүгө чакырган. Британ полициясы аэропорттун аймагына учуп келген дрондорду атып түшүрүүнү көздөп жатканы кабарланган.

Гэтвик кышкы майрамдар маалында күнүнө 115 миң жүргүнчүнү тейлейт.