Төрт нөөмөттө билим алгандар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бир партада үчтөн, бир класста 40тан, төрт нөөмөттө билим алган окуучулар. Бишкек четиндеги Ак-Бата, Ак-Жар жана Адилет жаңы конуштарындагы жүздөгөн окуучулардын көргөн күнү ушундай. Анткени үч конуштун балдары үчүн бир гана мектеп иштейт. Конуш тургундары тиешелүү мекемелерге мектеп ачып берүү өтүнүчтөрүнөн майнап чыкпагандан кийин атайын демилге тобун түзүп, жалпы элдин колун топтоого киришти.