Түштүк Кореяда түмөндөгөн таксисттер иш таштады

Cеул шаары. 10-декабрь, 2016-жыл.

Түштүк Кореяда түмөндөгөн таксисттер иш таштап, борбор шаар Сеулда митингге чыгышты. Алар "Kakao Mobility" компаниясынын жаңы карпулинг кызматына каршы болуп жатышат.

Кызмат жеңил машинеси бар каалаган айдоочуга көчөдөн жүргүнчү алууга жол ачат. Ал чөнтөк тиркеменин жардамы менен ишке ашырылганы жаткан. Буга каршылык билдирүү максатында мурдагы аптанын дүйшөмбүсүндө жергиликтүү таксист өзүн өзү өрттөп жиберип, ооруканада каза болгон. "Kakao Mobility" ошондон көп өтпөй эле жаңы кызматты ишке киргизүүнү убактылуу токтоткон.

Бүгүн нааразылыкка чыккандар ал кесиптешин эскерип, баштарын кара сызма менен таңып жүрүштү.