Бишкекте окуучуну сүзгөн айдоочу ким экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн 20-декабрда Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, окуя 18-декабрда Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жолдон өтүп бараткан сегиз жаштагы баланы машине сүзгөн. Бала жыгылып, бирок дароо туруп, басып кеткен. Ал денесинен жеңил жараат алганы аныкталды.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында "Ниссан Мурано" машинесинин 31 жаштагы айдоочусу Бишкек шаарынын тургуну экени такталды.
Автоунаа камакка алынып, материалдар шаардык милициянын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
№70 мектептин окуучусу кабылган бул кырсыктын видеосу Интернетке тарап, социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары айдоочу баланы сүзгөндөн кийин чыгып, анын абалын сурап койбостон андан ары айдап кеткенине нааразы болуп жатышат. (RK)