21-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Иллюстрациялык сүрөт.

21-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз -4...+1,

Талас жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5,

Баткен, Жалал-Абад, Ош аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...+4,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз -4...+1,

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз -11...-16,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -11...-16 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт, мезгил-мезгили менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн -7…-9, күндүз 0…-2 градус болот.