Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылында башталган аракеттер анын бийликтеги мөөнөтү аяктаганга чейин уланарын билдирди. 19-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы басма сөз жыйынында бул тууралуу айтып жатып, ал 2018-жыл бул багыттагы иштердин башаты болгонун белгиледи.
Кыргызстанда 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган. Коомчулукта бул жыл максатына жетпегени тууралуу сын пикирлер көп.
Басма сөз жыйынына жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү каттоодон өткөн.