Жогорку Кеңештин 80 жылдыгы белгиленет

Жогорку Кеңеш.

Кыргызстан парламентинин 80 жылдыгына арналган иш-чара 21-декабрда өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев парламент радиосундагы маегинде билдирди.

Маалыматка караганда, мааракени өткөрүүгө бюджеттен акча каралган эмес. Иш-чара өнөктөштөрдүн жардамы менен өтөт. Анын алкагында жыйындар уюштурулат. Ошондой эле парламент тарыхын чагылдырган китеп жарык көрөт.

Мааракеге ТүркПА уюмунун өкүлдөрү, бир катар элчиликтерден делегациялар келет.

Жогорку Кеңештин тарыхы 1939-жылдан башталат. Ал кезде Кыргыз ССРинин Жогорку Совети иштей баштаган.