Ипподром иши: ишкер абакта калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-декабрда ишкер Эркинбек Мергенбаевди 2019-жылдын 6-январына чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарды. Ат майдандын курулушуна байланыштуу биринчи козголгон кылмыш ишинин негизинде ишкер алгач алты жылга түзөтүүчү абакка кесилген, бирок ден соолугуна байланыштуу жатак абакка которулган. ИИМ болсо “ишкердин экинчи ирет камалышы мыйзамсыз” деген дооматтарды четке кагууда.