16-декабрдан 19-декабрга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда, Ала-Белде, Чычкан капчыгайында жана Чапчыма ашуусунда кар көчкү түшөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+6, күндүз 0…+5,
Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-2, күндүз 0…+6,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11 градус болот.
17-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-6 метрге, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1°…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° болот. (KR)