Францияда он миңдеген адам кайрадан митингге чыкты

Франциядагы кайра жанданган нааразылык акцияларына көз салып турган полиция. 15-декабрь 2018-жыл.

Парижде жана Франциянын башка шаарларында "сары кемселчендер" кыймылынын нааразылык акцияларынын жаңы толкуну башталды. Франциянын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, демонстранттардын саны мындан бир жума мурун болгон митингге салыштырмалуу азыраак болду.

Бир ай мурун экономикалык талаптар менен башталган акциянын натыйжасында президент жана өкмөт минималдуу айлык алгандардын маянасын жүз еврого көтөрүүгө жана мөөнөттөн ашыкча иштеп тапкан кирешеге салык салбоого макул болгон. Бирок мындай чаралар нааразылык акциясына чыккандарды канааттандырган эмес. Алар Франциянын социалдык саясатын жана саясий түзүлүшүн толугу менен кайра карап чыгууну талап кылышууда.

Ишемби кечинде митингге жалпысынан 35 миң киши катышканы белгилүү болгон. Парижде митингчилердин саны үч миңге жеткен. Париж полициясы жүздөй кишини кармап кеткен. Өткөн ишембиде кармалгандардын саны миңден ашкан.

Франциядагы нааразылык акциялары бир ай мурун башталган. Он миңдеген кишилер өкмөттөн күйүүчү майга болгон салыкты көбөйтүүдөн чегинүүсүн талап кылып чыгышкан. "Сары кемселчендер" Эммануэль Макрондон жана өкмөттөн кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Француз маалымат каражаттары маалымдагандай, ноябрдын ортосунан бери эле полиция төрт жарым миң кишини коомдук тартипти бузганы үчүн кармап кеткен.

10-декабрда Макрон күйүүчү майга болгон салыкты көбөйтүүгө жарым жылдык мораторий киргизип, нааразы элди тынчтандырууга аракет жасаган. (KR)