Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары Бишкек шаарындагы имараттар майыптарга канчалык деңгээлде ыңгайлашканын текшерип, атайын иштелип жаткан картага киргизүүдө.
Бул тууралуу Кызыл жарым ай коомунун өкүлү Жакинай Жайчибекова "Азаттыкка" билдирди.
Жаштарды өнүктүрүү институтунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан өнөктүктүн максаты атайын араба менен жүргөн майыптар үчүн "Жеткиликтүүлүк картасын" иштеп чыгуу.
Картада Бишкек шаарынын кайсы имараттары майыптарга канчалык деңгээлде ыңгайлуу же ыңгайсыз экени көрсөтүлөт. Кийин ар бир каалоочу фильтр аркылуу майыптарга ыңгайлуу жерлердин тизмегин картадан көрүүгө мүмкүндүк алат.
Демилгечилердин айтымында, өнөктүк 2019-жылдын апрель айына чейин созулат.
Буга чейин Бишкектин имараттарында жайгашкан пандустар ыңгайсыз жана майыптардын жүрүшүнө ылайыкташкан эмес деген сындар айтылып келген.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 180 миңден ашык майып бар. Анын отуз миңге жакыны 18ге чыга элек. (KR)