Аял айдоочуга ишеним чоң

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шаар тургундары аялдардын жана балдардын коопсуздугу үчүн өздөрү кам көрүдө. Бир апта мурда аялдар гана иштеген такси кызматы иштей баштады. Мындан тышкары балдардын коопсуздугунан кооптонгон ата-энелер окуучуларды үйдөн мектепке чейин ташыган айдоочуну жалдай баштады. Буга чейин шаар тургундарын ташыган такси айдоочуларынын кардарларга жасаган адепсиз кыймыл-аракети соцтармактарда кызуу талкууларды жараткан эле.