Евробиримдик терроризм жана киберкоркунуч менен күрөшөт

Страсбургдагы Европарламенттин жыйындар залы.

Европарламент Страсбургдагы жыйынында 2019-жылдагы биримдиктин тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча эки резолюция кабыл алды. Бул тууралуу Европарламенттин интернет-сайтына чыккан билдирүүдө айтылат.

Европа өлкөлөрүнүн башкы багыттарынын бири - Орусиянын кибер опузасына каршы туруу. Мындан тышкары, Евробиримдик терроризмди, жалган маалымат таратууну жана мыйзамсыз миграция менен күрөштү да башкы багыттарынын бири деп эсептейт.

Депутаттардын пикиринде, биримдик айрыкча шайлоо алдында сырткы таасирлерге бекем турушу керек. 2019-жылдын 23-26-майында Европарламентке шайлоо өтөт.

Парламентарийлер ошондой эле чалгын кызматтарына берилчү акчаны көбөйтүп, биримдиктин өлкөлөрүнүн ортосунда жандооч байланышы аркылуу аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү зарыл экенин белгилешти.

Депутаттар ошондой эле трансатлантикалык коопсуздукту чыңдаш үчүн Европа менен АКШнын саясий күчтөрүн тыгыз кызматташууга үндөштү.