Түркия Eвфрат дарыясынын чыгышында жаңы операция баштайт

Режеп Тайып Эрдоган.

Бул тууралуу 12-декабрда Анкарадан президент Режеп Тайып Эрдоган өзү жарыялады:

- Биз буга чейин айтканбыз, дагы айтабыз. Жакынкы бир нече күн ичинде биз Евфрат дарыясынын чыгыш жээгин террорчу-жикчилерден тазалоо боюнча жаңы операция баштайбыз. Америкалык аскерлер эч убакта биздин бутада болгон эмес. Биздин бута - аймакта кызуу аракеттенген террор-жикчилер.

Түрк президенти "Евфрат дарыясынын чыгышы" дегенде коңшу Сириянын аймагын эске алып жатат.

“Associated Press” агенттигинин кабарына караганда, Эрдогандын бул жарыясынын алдында Кошмо Штаттар Анкаранын каршылыгына карабай Сириянын түндүк аймактарында байкоочу бекеттерин орноткон.

Түркия байкоочу бекеттер сириялык күрттөрдүн “Элдик коргонуу кошуундары” же YPG деп аталган тобун коргоого багытталган деп эсептеп жатат.

Анкара Сириядагы күрт кошуундарын Түркияда тыюу салынган Күрт жумушчу партиясынын бир бөлүгү деп санагандыктан аларга каршы күрөшүп келет.

Алардын турумдарына Түркия соңку айларда да артиллериядан бир нече ирет сокку урган.

Ал эми АКШ үчүн курамына күрт кошуундары да кирген Сирия демократиялык күчтөрү Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө башкы өнөктөш болгон. Вашингтон түрк президентинин соңку жарыясына азырынча комментарий бере элек. (UE)