Депутат: Убактылуу тергөө жайларына жыл сайын 300 млн. сом кетет

Дастан Бекешев.

Камакка алынгандарды убактылуу кармап туруш үчүн бюджеттен жылына 300 млн. сом сарпталат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) убактылуу тергөө жайларына 200 млн. сом, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) кармалгандар үчүн 100 млн сом бөлүнөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” депутат Дастан Бекешев билдирди. Ал Кылмыш-процесстуалдык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизип, экономикалык жана кызматтык кылмышка байланыштуу шек саналгандардан күрөө алып, сот чечими чыкканча боштондукка коё берүүнү сунуш кылып жатат.

- Шектүүлөрдү убактылуу тергөө жайларында кармагандан пайда жок. Алар тамак ичет, ден соолугунан ажырайт. Кызматкерлер болсо айлык алат, - деди депутат.

Депутат шектүүнүн күрөөгө коё турган акчасы жок болсо, качып кетпөө боюнча тилкат менен бошотуу маселесин көтөрдү. Ал эми Башкы прокуратура күрөөгө мүлк эмес, акча коюлушу керек деп эсептейт. (BTo)